Апаке

Опубликовано: 18 Ноябрь 2023
на канале: Төрөкул Дооров
2,123
146

Апакем

Түшүмө кирдиң дагы ушул түнү,
жалбарып эркелеттиң жаш баладай.
Колуңдун жылуулугун сезип туруп,
салаалуу көз жаш төктүм аягыдай.
Сагыныч жүрөгүмдө баягыдай.

"Кат жазбай, эскербей" деп кейип алдың,
кусалык менде да көп, апакебай.
Таарынып аласың да чындап эле,
качанкы мага окшоп кичинекей,
алда менин таарынчаак апакем ай.

Мен сени, сени кантип унутайын,
шоолаңдын бир үзүмү болуп туруп.
Сен берген бул жашоонун, бул өмүрдүн,
кумарлуу кубанычын сезип туруп,
Мен сени кантип гана унутайын?

Жыпар Акунова.
#поэзия #кыргызча #кыргызстан #апаке