Кыжаалат ойлор...
Билбеймин, күндөн күнгө майдаланам,
Билбеймин, майдаланып кайда барам...
Мезгилим өтүп жатат зымырык куш,
Колумдан иш бүтпөдү, кудай таалам.
Күндөрүм өтүп жатат шылдыңдашып,
Колумдан мезгил кушу учат шашып,
Бир сезим жүрөгүмдү солк эттирет,
Эстесем калаарымды бир күн катып.
Жок, жо-о-ок,
Ырымды мен мындайча бүткүм келбейт.
Эмнеге бүгүн жакшы саптар келбейт.
Сергитип, көңүлүмдү алып учуп,
Эмнеге эс-акылды сезим жеңбейт?
Түшүнбөйм,
Башым катат...
Лайли Үкүбаева, 13.12.1997