Айтчы сен, тагдырыма күйөсүңбү,
Айтчы сен жүрөк сырын билесиңби?
Болбосо арзыбаган сезим менен,
Жөн эле сооротконсуп жүрөсүңбү?
Эскерип, бакыт күндүн минуттарын.
Айтчы сен, жолугууну самайсыңбы?
Бир болуп сапарымда күрөштөрдө,
“Достордон” өч алууга жарайсыңбы?
Лайли Үкүбаева