Үнүңдөгү куса сенин,
Мага өтөт бириндеп.
Мурда дүйнө термелбечү,
Азыр баары дирилдек...
Сен да, мен да жөлөк туткан,
Сырга шерик Ай жылат.
Алоо дейсиң, алоо дейм,
анан недир үн сынат...
Дымыйт аалам, үшкүрүк бир,
тып деп тамат жүрөктөн.
Эки жакта эки күйүт,
Дартка даба табат ким..?
Мурда дүйнө термелбечү...