Түш көрдүм

Опубликовано: 16 Апрель 2024
на канале: Төрөкул Дооров
1,487
65

Түш көрдүм...
көк белесте сен экөөбүз
көмүлүп тулаңдарга жатыптырбыз.
Колдорубуз оролуп моюндарга,
махабат мазесине батыптырбыз...

Көмкөрүлүп көк асман үстүбүзгө,
жылдыздуу жууркан болуп жабылыптыр.
Жымыңдашып, нурларын бизге чачып,
жылдыздар тегеректеп алышыптыр.

Аңгыча кара кийим кийген бирөө
мылтык атып биз жакка чыгат экен.
Дүрбөй түшүп жылдыздар,
бир чоң жылдыз
Бизди алып зымырылып учат экен...

Курбаналы Сабыров