Гулзада Станалиева
Жашыл, жашыл, жашыл дүйнөгө
Жапырт жааган жазгы жамгырдай
Жанга жакын жумшак жан элем,
Турмуш мени такыр өзгөрттү.
Аруу, аруу, аруу дүйнөгө
Арзып жааган кардай апапак
Аялуу бир аяр жан элем,
Тагдыр мени такыр өзгөрттү.
Сары, сары, сары дүйнөгө
Сапырылган сары бариктей
Санаасы жок сергек жан элем,
Жашоо мени такыр өзгөрттү.
Жашыл, аруу, сары дүйнөнү
Жолуктурсам эгер кайрадан
Жалбарынып өтүнөр элем:
«Абалкыдай мени өзгөртчү».