Мынчалык мага, жаным, төгүлбөчү,
мынчалык сулуу болуп көрүнбөчү?
Бардыгын унуттуруп баратасың,
о менин көңүлүмдүн көңүлдөшү!
Мынчалык мага, жаным, берилбечи,
жүрөгүңдү токтотпочу, демикпечи?
Түн бир убак, эс алчы барып үйгө,
эртең дагы ишиңден кечикпечи?
Барагой, сени күтүп жатышпасын,
уктайгой, эртең анан иштей албай,
көздөрүң оорубасын, ачышпасын,
Бар, барагой, садагам, жан садагам!
Сүйүүгө бул түн эмес, өмүр жетпейт...
Мен дагы эртең эрте ишке барам.
Курбаналы Сабыров