Айтылса чындык кашкайып,
Көңүлүң чөгө түшпөсүн.
Биз танган менен көөшөрүп,
Билебиз чындык бүтпөсүн.
Сынсак да чындык эркинен,
Сынбасын өзү чындыктын.
Жаныңа катуу батса да,
Калп сөздөн көрө чынды уккун.
Ак болсун дайым пейлибиз,
Аралап күдүк өтпөсүн.
Өчсө да бактым өзүмдүн,
Өчпөсүн чындык, өчпөсүн.
Мая Осмонкулова