Журналист Майраш Базлакунованын расмий жеке каналы.
Көрүүчүм алгач колдоо катары каналга катталып коюну унутпаңыз. Мен сиз кызыккан адамдар менен жолугуштурууну убада кылам.
Социалдык түйүндөргө, фейсбук, инстаграммга көчүрүп басууга тыюу салынат!
Баардык укуктар корголгон. Материалдарды толук жана бөлүп колдонууга тыюу салынат.
Ысык-Ата районунун Ак-Сай айылында жайгашкан "Ак-Сай Сут" кооперативи жазгы талаа иштерин жүргүзүп жатат. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ишке ашырган, #ИФАД каржылаган "Рынокторго чыгууну камсыздоо" долбоорунун алкагында сатып алынган техника чоң жардамын тийгизүүдө.
Бул кооперативтин фермерлери өндүрүлгөн сүттү "Молдокматов Жеңиш" сүт иштетүү ишканасына тапшырышат. Кооперативтин жетекчиси Турат АСАНОВ долбоор 65 миң АКШ долларын бөлүп бергенин, ал каражатка буудай сепкич, пресс-подборщик, культиватор, жер семирткичтерди чачуу жабдуу, прицеп, соко жана башка техникалары алынганын белгилеп, ишти кызуу улантып жатышканына токтолду.
ИФАД#майрашбазлакунова