"Агродрондор-дыйкандын түйшүгүн кыйла жеңилдетет, өлкө үчүн жаңы технология"

Опубликовано: 01 Июнь 2024
на канале: Майраш Базлакунова - official
320
like

Агродрондун иштөө принциби – ал учуп чыкканда дароо спектрдик анализ жасай баштайт, топурактын нымдуулугун, канчалык гербициддерди жана жер семирткичтерди кошуу керек экенин, өсүмдүк кандай өсүп жатканын аныктайт. Анализ аяктагандан кийин #дрон жер семирткичтерди чачат.

Бул Кыргыстан үчүн жаңы технология. #ИФАД каржылаган #РынокторгоЧыгуунуКамсыздоо долбоору "Чүй эколаборатория" компаниясынын демилгесин колдоп, аны ишке ашыруу үчүн 100 миң АКШ долларын бөлүп берген.

Аталган долбоор Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу #АйылЧарбаДолбоорлорунИшкеАшыруу бөлүмү аркылуу аткарылууда.




#IFAD #APIU #ПОДР #инновация #айылчарба