Tamga - Кең дүйнө (OST "Курьер")

Опубликовано: 01 Январь 1970
на канале: Chingiz Albert Team
15,470
258

Stream: https://infinity.ffm.to/kenduyno

Follow Tamga:
  / tamga__  
Follow Chingiz Albert:
  / chingizalbert  

Жалган дүйнө жазылыптыр тирүү жанга
Жакшынакай көрүнүп ар бир адамга
Жолдор эки бөлүнөөрүн ар ким билет
Туура келет бир күнү бирин тандаганга, тандаганга

Жакшы ой менен жарым тилек жана,
Аракет акыры береке жамына,
Жаманы чалынып, жолдору жабылып
Соңу барып туталанып жашоо желе тузагына

Танда, туура жолду тагдыр кол сунуп турганда
Алданып а калбай кең дүйнө кучагында
Адашып а калба, танда да, танда да, танда да

Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө

Учкул сөздөн ырдап өткөн залкарлар
Учкун салып жүрөктөргө жарадар
""Бул дүйнөдөн көңүл калып өтпөйлү,
Бакыт болсо, көппөйлү" деп
Кайгы болсо, чөкпөйлү" деп

Жакшы ой менен жарым тилек жана,
Аракет акыры береке жамына
Жаманы чалынып, жолдору жабылып
Соңу барып туталанып жашоо желе тузагына

Танда, туура жолду тагдыр кол сунуп турганда
Алданып а калбай кең дүйнө кучагында
Адашып а калба, танда да, танда да, танда да

Ушул дүйнө кең дүйнө, кең дүйнө,
Телегейи тең дүйнө, тең дүйнө.
Тең болсо да бул аалам,
Бирөөлөргө бирөөлөр болуп жаткан,
Болуп жаткан, болуп жаткан жем дүйнө

#Tamga #КеңДүйнө #Курьер

© ℗ Infinity Music. All rights reserved.
Music and Video are Copyrighted