МАХАБАТЫМ – Сыймык Бейшекеев
С. Жолдошбек Бузурманкулов
О.Сыймык Бейшекеев
МАХАБАТЫМ
Аруулуктун ардактап атап атын
Бийик тутуп сүйүүнүн асабасын
Күлүк минип күү чертип келгенимде
Күттүргөнсүң кечигип махабатым
Жыттаар кезде келбедиң гүлдү тандап
Ойноор кезде келбедиң түндү тандап
Булаңгырлуу мезгилде неге келдиң
Бубак баскан чачымды күндү тандап
Жан дүйнөмдү жаралап болот сымал
Жарын таппай жүрөгүм болот сыңар
Кыйнап кеттиң жанымды кыйнап кеттиң
Кысталышта бир келген конок сымал
Көңүлүмө тополоң саласың да
Көрөм түштө өңдө жок каласың да
Жаным күйүп жайын таап соорото албай
Жалгыз калдым көп элдин арасында