А БАЛКИМ - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ \ Жаңы ыр 2024

Опубликовано: 28 Январь 2024
на канале: Сыймык Бейшекеев
691,475
2.4k

#сыймыкбейшекеев #жаныыр #2024ыр #сыймык2024 #кыргызчаырлар
А Балким...

сөзү Жыпара Исабаева
обону Сыймык Бейшекеев

Сабындай жакшы ырымдын,
Сагынтып... жакшы кылдың!
Сагынчым болгон үчүн,
А балким бактылуумун...

Жазындай жаштыгымдын,
Жарк этип... жакшы кылдың!
Жактыруу болгон үчүн,
А балким бактылуумун.

Арзыдым, азгырылдым,
Адаштың… жакшы кылдың.
Арманым болгон үчүн,
А балким бактылуумун.

Жамгырлуу түндөй болуп,
Жаркыбай күндөй болуп,
Бактылуу кылдың мени,
А балким сүйбөй коюп.

Жайнабай жаздай болуп,
Бар сырым ачпай коюп,
Бактылуу кылдым сени,
А балким жакпай коюп...