Секетим
С. О. Сыймык Бейшекеевдики
Жайнаган кой көздөрүң мөлтүр, мөлтүр,
Жамалым, ыр арнасам сага жөндүр.
Бак айткан турмуштагы асылымсың,
Баш ийип жүрөгүңдү мага көндүр.
Кайырма:
Секетим турмуштагы ардагымсың,
Теңирим мага берген жардамымсың.
Балкыдым махабаттын зор күчүнө,
Бакытым өбөк болоор дарманымсың.
Таштабайм тар турмуштун агымына,
Жаныңдын айланамын жарымына.
Жараткан өзү берген белегимсиң,
От койбо махабаттын тамырына.
Кайырма:
Теңирден сурап алгам мага берчи деп,
Секетим чакырамын бери келчи деп.
Эч кимге ыраа көрбөс жакынымсың,
Эрмегим алганмын мен сени энчилеп.
Кайырма: