Оштук кызга
сөзү: Бердибек Жамгырчиев
обону: Сыймык Бейшекеев
Сага болгон мээримдүү көңүл үчүн,
Бүгүн Ошко келишим өзүң үчүн.
Сезимимди үшүтпөй багып алчы,
Сен бар үчүн дүйнөнүн өзү бүтүн.
Кайырма:
Сезим деген ушундай канаттуу да,
Сыйкырдуу бир кыялга салат тура.
Сулайман тоо күнүгө жаркып турса,
Сенин гана көркүңө караштуу да,
Ошко бүгүн сен үчүн келдим кайра.
Чанда болоор сүйүүнүн шаңы мындай,
Сүйкүмдүүсүң жүрөктүн жарыгындай.
Турмушума бир эргүү тартууладың,
Ак Бууранын жагымдуу агымындай.
Кайырма:
Жасалмалуу жашоодон качайын деп,
Жүрөгүңдүн төрүндө жашайын деп.
Бүгүн Ошко келишим өзүң үчүн,
Көөдөндөгү көп сырды ачайын деп.
Кайырма:
Сага дайым шаштырган мезгил дайра,
Жанар тоодой оргуштайм мен мындайда.
Жан дүйнөмдү бөксөсү толсун эми,
Мээримдүү Ош тосуп ал келдим кайра,
Ошко бүгүн сен үчүн келдим кайра.