Атасы Доолбай топоз багып тоодо жүрүп, убагында мектепке барбай калган, ошондуктан он тогуз-жыйырмага чыкса да алигиче кат-сабаты жоюлбаган, окуганды, жазганды билбеген тоолук кыз Динарды, шаардык жигит Акынбек жаратылышта эс алып жүрүп капысынан көрүп, сүйүп калат…
Махабатка малынган шаардык жигит көп өтпөй эле тоого, Динарды издеп келет. Ошондон тартып эки жаштын ортосунда кайталангыс ажайып күндөр өтөт.
Бирок, уулунун тоолук малчынын “жапайы” кызын сүйүп жүргөнүн укканда Акынбектин апасы катуу ачууланып баласынын Динарга үйлөнүшүнө караманча каршы чыгат. Акынбектин апасы оюнда уулун депутат аялдын кызы Бемага үйлөнтсөм деп жүргөн.Уулу аргасыздан апасына баш иет.
А Динар болсо күн сайын жол карап, шаардык жигитти зарыгып күтүп жүрөт.
Эмгиче тамга тааныбаган сабаты жок “жапайы” кызды өзү теңдүүлөр карамак беле, деп ойлогон айылдын байы, айыл өкмөтүнүн башчысы, Доолбайдын теңтушу Муктаалы, Динарды экинчи аял кылып алууга ниеттенип, кыздын ата-энесиникине келет, сөйкө салганы…
А ошол убакта Бема Акынбекке турмушка чыгууга даярданып, той көйнөк тандап, үйлөнүү үлүпөтүнө камылга көрө башта йт…
Андерсендин атактуу жомогундай аяктаган бул окуянын акырында “жапайы” селки Динарды атасы Доолбай “Бул менин түрү суук балапаным” дейт…