Полиция Санкт-Петербургдагы базарларда рейд жүргүзүп, миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 49 чет элдикти кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Петербург жана Ленинград облусу боюнча башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, рейд учурунда жалпысынан 350 мигранттын документтери текшерилген. Алардын 49у полиция бөлүмүнө жеткирилип, Орусиянын аймагына кирүү жана өлкөдө жүрүү эрежелерин бузганы үчүн жоопкерчиликке тартылган.
Мындан сырткары жол эрежелеринин сакталышы боюнча чет элдиктердин 242 машинасы текшерилип, алтоо администрациялык жоопкерчиликке тартылды.
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -
Фейсбук -
Ютуб -
Телеграм -