Өзбекстандан кайтарылып алынган имарттар ишке кире баштады

Опубликовано: 13 Декабрь 2016
на канале: КYНДYК ТВ
1,157
6

Кыргыз өкмөтү ушул жылдын апрель айында Өзбекстан пайдаланып келген 12 объектини толугу менен өлкө менчигине өткөрүп алган. Анын бирөөсү Кадамжай районунун Кайтпас айылында жайгашкан. Азыркы тапта 6 имараттан турган бош объектини иштетүү аракеттери көрүлө баштады. Алгач кеңсеси жок айыл өкмөт бир имаратты ээлесе, кийинки жылы 100 орундуу бала бакчаны ишке киргизүү пландалып жатат. Ага кошо эле маданият үйү да бош тургандарынын бирине жайгашат.